Баткен облусунун чектеш аймактарынан эвакуацияланган жарандар бардык зарыл нерсе менен камсыздалып жатат

Баткен облусунун чектеш аймактарынан эвакуацияланган жарандар бардык зарыл нерсе менен камсыздалып жатат.

 

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев билдирди.

 

Анын айтымында, биринчи кезекте аларга ысык тамак, жайгашууга жер тартууланды, зарылчылык болсо – медициналык препараттар жана жылуу кийим берилип жатат. Өлкөнүн бардык аймактарында гуманитардык жардам кабыл алуу боюнча түйүндөр ачылды. Белгилеп кетсек, жалпысынан 136 миң жаран эвакуацияланды.