Баткен шаарында кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжалдан улам эвакуация болгон тургундарды жайгаштыруучу алты жай иштеп жатат

Баткен шаарында кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжалдан улам эвакуация болгон тургундарды жайгаштыруучу алты жай иштеп жатат.

“Азаттык” радиосунун кабарчылары 30-апрелде жеринен маалымдагандай, адамдарды негизинен мектептерге тийиштүү имараттарга

жайгаштырып жатышат. Алар Баткен районунун Кызыл-Бел жана Көк-Таш айылдарынын тургундары, негизинен аялдар,

балдар жана кары-картаңдар. Облус бийлиги жалпысынан 2-3 миңдей адам эвакуация болгонун 29-апрелде билдирген.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, 29-апрелде да уланды. Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болуп,

үйлөр жана имараттар өрттөлдү. Соңку маалыматка караганда, кыргыз тараптан 134 адам жараат алды, алардын 13ү каза болду.

Тажикстандын бийлиги жабыркагандары тууралуу расмий маалымат бере элек, журналисттери 90 адам жараат алып, 10у каза болгонун билдирүүдө.