Баткен облусунда документтери жок калган жарандарды тактоо иштери уланууда

Баткен облусунда документтери жок калган жарандарды тактоо иштери уланууда.

 

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, Максат айылында көчмө топ иштеп жатат, алар ошол жерден эле документтерди даярдоого арыздарды кабыл алууда.

 

Иштерге Баткен, Лейлек райондорунун жана Сүлүктү шаарынын мамлекеттик каттоо кызматынын бөлүмдөрү тартылды. Белгилеп кетсек, документтер акысыз жасалат.