Лейлек районунда жол, таза суу, электр энергиясы калыбына келүүдө.
Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, унаа жолдор толугу менен тазаланып,
тилкелер калыбына келтирилди. Исфана шаары, Тогуз-Булак жана Сумбула айылдарына
электр энергиясы берилип, Катраң айылында да жарык системасын калыбына келтирүү иштери
жүрүп жатат. Кара-Таш, Беш-Бала, Мурза-Патча, Самат айылдарына да
жакында таза суу бериле баштайт. Учурда Лейлек районунда 2-майдагы
табигат кырсыгынан жабыр тарткан турак жайлар сел суусунан тазаланып бүттү.