Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда нөшөрлөгөн жаан-чачындан улам жол жуулуп кетти

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда нөшөрлөгөн жаан-чачындан улам жол жуулуп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Шекафтар – Сумсар трассасынын 10-чакырымы толугу менен жуулуп кетти.

 

Андан тышкары, Сумсар айылында мектептин короосун суу каптады. Жеринде куткаруучулар иштеп, жаратылыш кырсыгынын кесепетин жоюп жатат.