Баткен облусунда Министрлер кабинетинин көчмө жыйыны өтөт

Баткен облусунда Министрлер кабинетинин көчмө жыйыны өтөт.

 

Өкмөттөн билдиришкендей, ушул айдын экинчи жарымында аталган аймакта биринчи чогулуш өтүп, облуста өзгөчө макам берилчү айылдардын тизмеси кайра каралат.

 

Эске салсак, “Баткен облусунун макамы жөнүндө” мыйзамга өткөн жылы кол коюлган.

 

Анда жергиликтүү тургундарга салыктык жеңилдиктер, социалдык жактан колдоо, ишкердик үчүн ыңгайлуу шарт түзүү каралган.