Кайра шайлоого аттанган партиялар шайлоо фондун түзүшү керек

Кайра шайлоого аттанган партиялар шайлоо фондун түзүшү керек. БШК маалыматына ылайык, бул партиянын расмий өкүлүн каттагандан кийинки 3 айда ишке ашышы керек.

 

Шайлоо фонду үгүт кампаниясын жүргүзүүгө керек. Белгилеп кетсек, шаардык шайлоо комиссияларына документтерди кабыл алуу 13-июнда токтотулат. 20-июнда комиссия кайсы партиялар каттоодон өткөндүгүн жарыялайт. Эске салсак, Бишкек, Токмок жана Ош шаарларында кайра шайлоо 11-июлда өтөт.