Баткен облусунда санаторий жана балдар лагери пайда болот

Баткен облусунда санаторий жана балдар лагери пайда болот. Ал эми Раззаков шаарында 4 жылдыздуу мейманкана комплексин куруу пландалууда, — деп билдиришти министрлер кабинетинен.

 

Долбоорго ылайык, санатордук-курорттук тармак 32 объектиден турат.

 

Жалпы баасы 960 миллион доллар. Андан тышкары, туризмди өнүктүрүү фонду өлкөдө глемпингдердин тармагын өнүктүрүп, Бишкектин четинде панорама түзүүнү пландап жатат. Министрлер кабинетинин төрагасы тиешелүү ведомстволорго бул долбоорлорду иштеп чыгууну тапшырды.