Бишкекте төрөлгөн 3 эмдин ата-энесине 90 миң сомго сертификат тапшырылды

Бишкекте төрөлгөн 3 эмдин ата-энесине 90 миң сомго сертификат тапшырылды. Мэриянын маалыматына ылайык, мэр Эмилбек Абдыкадыров үй-бүлөнү куттуктап, эне-балдардын абалы менен таанышты.

 

3 уулуна Нурзида Садырбаева Нурбакыт, Нурмухамет жана Нурсултан ысымдарын берген. Жалпысынан үй-бүлөдө 7 бала бар, анын алтоо эркек балдар, бирөөсү кыз.