Баткенде көчмө клиникалар иштеп баштады

Баткенде көчмө клиникалар иштеп баштады.

 

Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Клиникалар чек арада жабыркаган, шарты оор айылдардын жашоочуларын медициналык кароодон өткөрүп жатат.

 

Алар акысыз текшерилип, дарыланышат. Мобилдүү клиника аркылуу Баткен облусунун жашоочулары жеринде гинекологиялык, стоматологиялык, хирургиялык, терапиялык жардам алып, ошондой эле УЗИ жана рентген диагностикасынан өтө алышат.