Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү.
Бишкек жана Чүйдө 1 сааттын аралыгында катуу шамал болушу күтүлөт.
Анын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет. Жарандарга этият болуп, курулуштардын, бак-дарактардын, жеңил конструкциялардын алдынан өтпөө сунушталат. Унааларды дагы ачык жерге токтотуу керек.