Кыргызстанда коронавирустан дагы 86 адам айыкты

Кыргызстанда коронавирустан дагы 86 адам айыкты. Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдиргендей, Бишкекте 13, Чүйдө 25, Ошто 11, Нарында 2, Жалал-Абадда 21, Таласта 1, Баткенде 8 бейтап ооруканадан чыгарылды.

 

Ушуну менен Кыргызстанда жалпысынан 3 миң 821 адам коронавирусту жеңди.