Баткендин Бүжүм айылынын тургундары медицина кызматкерлерине тез жардам унаасын сатып беришти

Баткендин Бүжүм айылынын тургундары медицина кызматкерлерине тез жардам унаасын сатып беришти. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма-сөз кызматкери Чолпон Бердигулова билдирди.

 

Анын айтымында, буга чейинки унаа эскилиги жетип, калыбына келтирүүгө муктаж. Ал эми жаңы тез жардам машинеси Кара-Булак жана Бүжүм айылдарынын 15 миңден ашык тургунун тейлейт.