Tesla компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск миллиардерлер рейтингинде Microsoft компаниясынын жетекчиси Билл Гейтсти артта калтырды. Эми ал дүйнөнүн эң бай адамдарынын тизмесинде экинчи орунда турат.
Илон Маскттын байлыгы – 128 миллиард доллар. Ал эми рейтингдин сап башында Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Джефф Безос 182 миллиард доллары менен жайгашат.
Белгилеп кетсек, Tesla компаниясынын акциялары соңку 12 айда 675 пайызга өстү.