Ош облусунун Маданият айылында мектептин курулушу дээрлик 70 пайызга жыйынтыкталды

Ош облусунун Маданият айылында мектептин курулушу дээрлик 70 пайызга жыйынтыкталды. Мамлекеттик курулуш жана архитектура кызматынын маалыматына ылайык, билим берүү мекемеси 225 окуучуга чакталат.

 

Мектептин курулушуна каражатты Сауд Арабия фонду бөлүп берген. Белгилеп кетсек, долбоордун баасы  800 миң долларды түзөт. Объект колдонууга кийинки жылы берилет.