3 өлкө элчилигине нота тапшырылды. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги
Түркмөнстан, Азербайжан жана Россиянын дипломатиялык миссиянын башчыларына т
иешелүү документти жиберди. Анда Ирандагы кыргызстандык айдоочулардын өлкөгө
Түркмөнстан менен Азербайжандын аймагы аркылуу транзит менен өтүү маселеси
каралды. Эске салсак, Иран-Азербайжан жана Иран-Түркмөн чек арасында
54 кыргызстандык айдоочу бар.