Кыргызстанда алгачкы кыска мөөнөттүү бала бакча ачылды

Кыргызстанда кыска мөөнөттүү бала бакчалар расмий иштей баштады.

 

Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, өлкө боюнча пландаштырылган 560 кыска мөөнөттүү бала бакчанын биринчиси Чүй облусунун Москва районунда ачылды. Бул жер эртең менен же түштөн кийин келе турган 50 бала менен иштөөгө ылайыкталган. Жалпысынан Москва районунда мындай 16 бала бакча ачылат.

 

Кыска мөөнөттүү бала бакчалар 3 сааттык программаны сунуштайт, бирок уктоо жана тамак берүү каралган эмес.