Катуу шамалдын кесепетинен 10 адам жабыркады

28-мартта өлкө аймагында катталган катуу шамалдан алдын ала маалымат боюнча 10 адам, 70 социалдык объект, 80 турак үй, 4 чарбалык курулуш жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

 

Учурда табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу, материалдык чыгымдарды тактоо жана ыкчам чара көрүү максатында Жарандык коргонуу кызматтары иш алып барууда.

 

Эске салсак, абалга байланыштуу Бишкек шаарында жана Чүй облусунда өзгөчө кырдаал режими киргизилген.