Жогорку сот кримавторитеттин мыйзамсыз бошотулушу боюнча 11 жылга эркинен ажыратылган
мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге чыккан өкүмдү жокко чыгарды. Иш кайрадан кароо үчүн
Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлдү. Эске салсак, 2017-жылы мурдагы өлкө башчы бийликке
Сооронбай Жээнбеков келгенден кийин президенттик укуктарынан ажыраган.
Ал коррупцияга айыпталып, учурда камакта.