Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча арыз бергендердин саны 30га жетти

Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча арыз бергендердин саны 30га жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Талапкерлерди көрсөтүү шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыяланган күндөн башталып, добуш берүү күнүнө чейин 45 календарлык күн калганда, тагыраагы 13-октябрда саат 18:00дө аяктайт. Парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген.