Мөөнөткө чейинки президенттик шайлоолордо 1 пайыздан ашык добуш чогулта алган талапкерлерге шайлоо күрөөсү кайтарылат. Тизме БШК добуш берүүнүн акыркы жыйынтыгын жарыялагандан кийин бекитилет.
Комиссиядан белгилешкендей, босого көрсөткүчтөн ашкан талапкерлер арыз жазышы керек, андан кийин аларга 1 миллион сом кайтарылат.
Эске салсак, мөөнөткө чейинки президенттик шайлоолордо 17 талапкер ат салышты.