Кайра шайлоого карата добуш берүү жайдан тышкары жерге 3 миң 992 жаран арыз берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына 2 миң 602, Ош аймактык шайлоо комиссиясына 1 миң 168, Токмок аймактык шайлоо комиссиясына 222 добуш берүү үчүн арыз берген.
Добуш берүү жайдан тышкары жерде шайлоо 10-июлда өтөт.