Анкара шаарында Кыргызстан атындагы сейил бак ачылат

Кыргыз өлкөсүнүн Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Анкара шаарынын Чанкая муниципалитетинин башчысы Алпер Ташделен менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргыздын Түркиядагы элчилигинен билдиришти.
Элчиликтин маалыматына таянсак, жолугушууда Анкаранын Чаңкая районунда жашап, иштеп жүргөн Кыргыз жарандарынын укуктарын коргоо боюнча маселелер талкууланды.
Ошондой эле Чанкая аймагында Кыргызстан атындагы сейил бак ачып, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бюстун тургузуу тууралуу макулдашылды.