Кыргызстанда 18 жаштан өткөн 4 миллиондон ашык  жарандын 557 миңи  парламенттик шайлоодо добуш бере албайт

Кыргызстанда 18 жаштан өткөн 4 миллиондон ашык  жарандын 557 миңи  парламенттик шайлоодо добуш бере албайт.

 

Алар биометрикалык каттоодон өтпөгөндүктөн, шайлоочулардын тизмесине киргизилген жок, — деди БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова.

 

Ал белгилегендей, учурга карата шайлоочулардын такталган соңку саны  — 3 миллион 523 миң554.  4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого 16 партия ат салышууда. Үгүт иштери бүгүн түн жарымда токтотулат. Добуш берүү үчүн 2 миң 475 тилке даярдалды.