Бириккен Араб Эмирлигиндеги коронавируска чалдыккан адамдарды иттердин жардамы менен аныктай башташты

Бириккен Араб Эмирлигиндеги аэропорттордо коронавирус инфекциясына чалдыккан

адамдарды иттердин жардамы менен аныктай башташты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, аталган өлкөнүн аба майдандарында немис овчаркасы, лабрадор, кокер-спаниель жана бордер-колли породасындагы жалпы 38 ит коронавирус илдети менен ооруп жаткан адамдарды аныктоо ишин аткарышууда. Алар атайын окуудан өтүп, ар түрдүү жолдор менен машыктырылган.

Дубайдын полициялары 3290 адамдын тер тамчыларын кутуга салып, машыгуу залындагы

ар кайсы жерге жайгаштырышкан. Алардын арасынан бир кутуга гана вирус менен ооруп

жаткан адамдын тер тамчысын коюшкан. Ал эми иттер башкалардан айырмаланган ошол

кутуну жыт аркылуу табышкан. Окумуштуулар мындай ыкманын натыйжасы 98 пайызга

жыйынтык бергенин билдиришкен. Ал эми полициялардын бири иттер күнүнө 30-40 тестти

өткөрүп жатканын жана жакынкы күндөрү бир гана аба майдандарында эмес, керектүү

болгон бардык жерде бул ыкманы колдонууну ишке ашыра турганын кошумчалашкан.