Селге байланыштуу жабылып калган Бишкек — Балыкчы темир жол каттамы качан ачылары белгисиз.
«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, учурда тиешелүү кызматтар тазалоо иштерин жүргүзүп жатат.
Жаратылыш кырсыгы Ысык-Көлдө жайкы туристтик сезон кызып турган маалда катталды.