Электр энергиясына чексиз тариф. Аны ким колдоно алат?

Электр энергиясына чексиз тарифти электр энергиясын жылытуу үчүн колдонууну каалаган абоненттер пайдалана алышат.

Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, ал үчүн керектөөчүлөр тиешелүү техникалык шарттар менен жеке келишим түзүшү керек.

Тарифтин баасы ар бир киловатт-саат үчүн 5 сом 4 тыйынды түзөт.

Электр энергиясын колдонууга чектөөлөр болбойт.

Бирок бул тариф аркылуу майнинг менен алектенүү мүмкүн эмес.