Бишкек-Балыкчы жолунун жээгиндеги өрттү өчүрүүгө кошумча күч тартылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкек-Балкчы жолунун жээгинде 7-майда тутунган өрттү өчүрүүгө кошумча күч тартылганын билдирди. Ага ылайык, 8-майда таң эрте кырсык болгон жерге Тоң райондук №38 өрткө каршы бөлүктөн беш куткаруучу, райондук токой чарбасынан төрт кызматкер жана Көк-Мойнок айылынан үч адам тартылды.

 

Жекшембиде кечинде «Балыкчы» суу чарбасынан бир суу ташуучу машина барган. Ошондой эле шаардагы №19 өрткө каршы бөлүктөн дагы бир күжүрмөн эсеп, Токой чарбасынан 10 кызматкер өрт өчүрүүгө жана түнкү нөөмөт уюштурууга калган.

«Ал эми буга чейин иштеп жаткандар туруктуу орундарына кайтышкан. Учурда өрт чектөөгө алынды, толук өчүрүү иштери уланып жатат. Кошумча маалымат берилет»,-деп жазылган маалыматта.

Бишкек-Балыкчы жолундагы Боом капчыгайында март айында дагы эки жолу өрт чыккан. Анда бир канча гектар жердеги курак чөп күйүп кеткен. Өрттүн тутанган себеби айтылган эмес.