Ысык-Көлдө 13-майда Шанхай кызматташтык уюмунун эл аралык марафону өтөт. Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына ылайык, ага ондогон мамлекеттен жөө күлүктөр келет.
Старт жана финиш Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо жайгашат. Спортчулар 42, 21, 10 жана 3 чакырым аралыкка чуркайт. Run the Silk road эл аралык марафону Ысык-Көлдө быйыл 11-ирет уюштурулат.