Бишкек базарларында азык-түлүктүн айрым түрүнө баалардын төмөндөшү байкалууда

Бишкек базарларында азык-түлүктүн айрым түрүнө баалардын төмөндөшү байкалууда. Бул тууралуу Монополдукка каршы жөнгө салуу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

 

Алсак, январь айында суу майдын бир литри 125 сомдон 176 сомго чейин жетсе, эми баалар 110-175 сомдун тегерегинде болууда. Кумшекердин килограммы январда 92 сом болсо, мартта – 89 сом болду. Пияздын баасы дагы жыл башынан бери 10 сомго арзандады. Ведомстводон белгилешкендей, өлкөдө азык-түлүктүн жетишсиздиги жок.