Кыргызстанда кайрадан жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн күзгү жалпы республикалык тестирлөө өткөрүлөбү азырынча белгисиз

Кыргызстанда кайрадан жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн күзгү жалпы республикалык тестирлөө өткөрүлөбү азырынча белгисиз.

 

Бизге Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева билдиргендей,  быйылкы күзгү сынакка болгону 1 миң 260 адам катталды, бул чоң кампания  үчүн аз. Анткени, борбор кадимкидей даярдык көрөт.

 

Акыркы чечимди Билим берүү министрлиги кабыл алат, — деди Батракеева. Эске салсак, өлкөдө биринчи жолу күзгү жалпы республикалык тестирлөө өткөрүлгөн.