Бишкек бийлиги мектептердин айланасындагы тосмолорду алуу оюнан кайтты

Бишкек бийлиги мектептердин айланасындагы тосмолорду алуу оюнан кайтты. Мындай чечим окуучулардын коопсуздугун камсыздоо максатында кабыл алынды.

 

Ордо калаа мэри Айбек Жунушалиев тиешелүү органдарга билим берүү объектилеринин айланасын тосуу жана азыркы дарбазаларды санитардык нормаларга ылайык калыбына келтирүү иштерин этап менен ишке ашырууну тапшырды.