Борбор Азия энергетикалык шакекчесиндеги аварияны өлкөлөр аралык комиссиясы иликтеп жатат

Борбор Азия энергетикалык шакекчесиндеги аварияны өлкөлөр аралык комиссиясы иликтеп жатат. Жыйынтыгы 7-февралда чыгат деп күтүлүүдө, — деп билдиришти Novosti.kgге Энергетика министрлигинин басма-сөз кызматынан.

 

Андан такташкандай, учурда Кыргызстандын энерго тармагында абал туруктуу, электр энергиясы кайрадан массалык түрдө өчүп калат деген коркунучтар жок.

 

Эске салсак, 25-январда Кыргызстандын бүтүндөй аймагында жана коңшу Өзбекстан, Казакстандын айрым жерлеринде дагы электр энергиясы өчүрүлгөн. Буга Тажикстандагы энерго шакекчедеги авария себеп болду.