Бишкек-Кара-Балта жолунун курулушу кийинки жылдын июнь айында жыйынтыкталат

Бишкек-Кара-Балта жолунун курулушу кийинки жылдын июнь айында жыйынтыкталат. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, трасса колдонууга 2021-жылдын ноябрында берилет.

 

Ага чейин көчө жарыгын орнотуу, жолдун ортосунда бетон блокторду коюу жана жол чийиндерин түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Эске салсак, Бишкек-Кара-Балта унаа жолунда бардык жумуштар ушул жылдын октябрында эле аяктамак. Бирок пандемияга байланыштуу кечигүү болду.