Токмок — Бишкек — Чалдовар жолун куруу боюнча долбоор иштелип жатат.
Бул тууралуу Унаа жана жолдор министринин орун басары Бакыт Бердалиев кабарлады.
Анын айтымында, бул долбоор инвестор табылганда ишке ашат. Кеп мамлекеттик-жеке
долбоор тууралуу болуп жатат. «Токмок — Бишкек — Чалдовар трассасы
темир жолду бойлой жайгашкандыктан, «Кыргыз темир жолунун» объектилерин сатып алуу керек.
Ошондуктан баасы болжол менен 500 миллион долларды түзүүдө, — деди Бердалиев.
Ал кошумчалагандай, аталган трасса акы төлөнүүчү жол болот.