Бишкек мэриясы автобустарды сатып алууга 1,5 миллиард сом жумшайт

Бишкек мэриясы автобустарды сатып алууга 1,5 миллиард сом жумшайт. Бул тууралуу 24 агенттигине ордо калаанын биринчи вице-мэри Мирлан Байгөнчөков билдирди.

 

Анын айтымында, 2022-жылдын бюджет долбоорунда бул максатта   1 миллиард сом каралды. Андан тышкары, жыл аягында 500 миллион сомго каржы булагы белгиленди. Чиновник белгилегендей, транспортту сатып алуу ачык тендер аркылуу жүргүзүлөт. Ага бардык каалоочулар катыша алат.