Жалал-Абадда он чакан ГЭС куруу пландалууда

Жалал-Абад облусунда 2022-жылдын аягына чейин он чакан ГЭС куруп, пайдаланууга берүү пландалып жатат. Бул тууралуу президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, облустук бийлик ГЭС куруу мүмкүнчүлүгү бар ички жана сырткы инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

“Биз бардык инвесторлор менен сүйлөштүк. Алардын басымдуу бөлүгү ички инвесторлор. Токтогул районуна эки, Кара-Көл шаарына бир, Аксы районуна эки, Чаткал районуна эки, Базар-Коргон районуна эки, Сузак районуна бир чакан ГЭС куруу пландалды.

Сузак районунда кубаттуулугу 2400 кВт саат электр энергиясын өндүргөн чакан ГЭСтин курулушу 50% аяктап калды. Калган аймактарда жумуш март айынан башталат. Мындан сырткары мамлекеттин гранттык каражатынын эсебинен чакан ГЭС куруу ниетин билдирген ишкерлер да бар»,-деди Сыргабаев.

Маалыматка караганда, Чаткал районунда чет өлкөлүк инвесторлор менен чоң ГЭС куруу боюнча долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип жатат.

Жалал-Абад облусунун бардык райондорунда чакан ГЭС куруу мүмкүнчүлүгү бар.