Бишкек мэриясы күйүп кеткен Генералдык прокуратуранын ордуна курула турган имараттын эскизин көрсөттү. Муниципалиеттин маалыматына ылайык, долбоор Германияда даярдалды.
Имарат 7 кабаттан туруп, заманбап, сапаттуу материалдардан курулат. Курулуш Бишкекте кайталангыс архитектурага ээ боло турганы айтылууда.