Оштон Ысык-Көлгө түз аба каттамы ачылды

коом

Оштон Ысык-Көлгө түз аба каттамы ачылды. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти. Ага ылайык, бүгүн Тамчы аба майданына алгачкы учак Оштон 100 жүргүнчү алып келип, кайра 96 киши менен учуп кетти. Каттам жумасына алты жолу аткарылат.

 

Бул багыт жайкы сезондо гана иштеп, сентябрда токтотулат.