Кыргызстанда үч миңден ашык үй-бүлө кооптуу аймактарда жашайт.
Кеп, сел жүрүү жана жер көчкүлөр тууралуу болуп жатат. Аларга жыл
сайын коопсуз аймакка көчүү тууралуу эскертүүлөр берилет, — деди
Жарандык коргонуу жана авариялык-куткаруу иштери башкармалыгынын
жетекчиси Ырыспек Жолдошбаев. Ал белгилегендей, учурда сел жүрүүнүн
убактысы өтүп баратат. Белгилүү болгондой быйыл суу аз болгондуктан
тобокелдик дагы төмөн болду. Адис кошумчалагандай, бүгүнкү
күндө өлкө аймагында 4 миңге жакын кооптуу аймак бар.