Карантиндик чектөөлөр азырынча киргизилбейт

Карантиндик чектөөлөр азырынча киргизилбейт.

Бирок коомдук жайларда, эл көп чогулган жерлерде санитардык коопсуздук күчөтүлүп,

бет кап тагынуу режими талап кылынат. Мындай тапшырманы биринчи вице-премьер-министр

Артем Новиков Республикалык ыкчам штабдын жыйынында берди. Тиешелүү чаралар жергиликтүү

бийлик органдары тарабынан аймактагы эпидемиологиялык абалга жараша кабыл алынат.

Эске салсак, буга чейин калаа бийлигинен Бишкекке карантин киргизилбейт, бирок санитардык

нормалардын сакталышы көзөмөлгө алынып, эрежелердин сакталышын камсыздоо күчөтүлөт деп билдиришкен