Бишкек-Ош унаа жолунда кыймылга чектөөлөр киргизилди

Бишкек-Ош унаа жолунда кыймылга чектөөлөр киргизилди. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, Көлбаев атындагы туннелде ремонттук иштерди жүргүзүү пландалууда. Бүгүнтөн тарта туннель аркылуу өтүү үчүн атайын график киргизилди.

 

Эртең мененки саат 8 жарымдан 9 жарымга чейин жана күндүзгү саат 2ден 3 жарымга чейин унаалар өткөрүлбөйт. Чектөөлөр 20-августка чейин күчүндө болот.