Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерге кайра өтө турган шайлоого карата 326 шайлоо тилкеси ачылат

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерге кайра өтө турган шайлоого

карата 326 шайлоо тилкеси ачылат. БШКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Ал эми добуш берүүчүлөрдүн саны 610 миң 160 адамды түздү. Жарандар өздөрүн

тизмеден текшерип, кандайдыр бир маселе жаралса 2-июлга чейин өзгөртүүлөрдү

киргизе алышат. Эске салсак, Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерди

кайра шайлоо 11-июлда өтөт. Апрелдеги добуш берүүнүн жыйынтыгы

бир катар мыйзам бузуулардан улам жокко чыгарылган.