Кызыл зонада иштеген медицина кызматкерлерине компенсация төлөө үчүн 600 миллион сом бөлүндү

Кызыл зонада иштеген медицина кызматкерлерине компенсация төлөө үчүн 600 миллион сом бөлүндү.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова билдирди.

Анын айтымында, кызматкерлерге бардык төлөмдөр өз убагында жана толук көлөмдө жүргүзүлөт.

Тиешелүү сумма республикалык бюджеттен бөлүндү. Кошумчаласак, иш учурунда вируска

чалдыккандарга 200 миң сомдон берилет. Ал эми ковидден каза тапкан медицина

кызматкерлеринин үй-бүлөсүнө 1 миллион сомдон ыйгарылат.