Бишкек-Ош жолунда жүк ташуучу унааларга чектөөлөр киргизилди. Бизге Унаа жана жолдор министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришкендей, Токтогул районунун аймагында 25-30 сантиметр кар түштү. Учурда Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайында карды тазалоо иштери жүрүп жатат.
Тыгындардын алдын алуу максатында таңкы саат 7ден тарта Бишкек-Ош трассасынын 272-чакырымындагы «Чычкан» стационардык постунан оор жүк ташуучу машинелер өткөрүлбөйт.