Өлкөдө эки түйүндө оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөөлөр алынды

Өлкөдө эки түйүндө оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөөлөр алынды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, бүгүнтөн тартып Жайыл районундагы

«Сосновка», Токтогул районундагы «Арал» постторунан оор жүк ташуучу унаалар өткөрүлүп баштады.

Буга чейин Бишкек—Ош трассасында унаа кырсыктарын, тыгындарды алдын алуу максатында

аталган түйүндөрдө убактылуу чектөө киргизилген болчу.