Бишкек шайлоолорго даярдануу кадимки режимде жүрүүдө

Бишкек шайлоолорго даярдануу кадимки режимде жүрүүдө. Бул тууралуу мэриянын отурумунда айтылды. Ордо калаа аймагында 200дөн ашык шайлоо тилкеси ачылды.

 

“Түндүкэлектр” 2 күндүн ичинде аларды генераторлорго кошуп чыгат. Андан тышкары, ар бир участоктун кире беришине атайын фильтр орнотулуп, жеке коргонуучу каражаттар тапшырылат.

 

Жалпысынан, шайлоо күнү 729 медицина кызматкери нөөмөткө чыгат, ал эми коомдук коопсуздукту шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери камсыздайт.