Кытайда китепканалардын биринде 2 робот-ассистент урушуп кетти

Кытайда китепканалардын биринде 2 робот-ассистент урушуп кетти. Окуя видеого түшүп калган. Туту жана Ванбао аттуу роботтор келген адамдарга керектүү китептерди таап берүүгө жардам берет.

 

Бир кардар бир роботко кайрылганда, экинчи робот дагы ага жардам бергиси келип, экөө мушташа кетти. Жыйынтыгында, Ванбао күнөөсүн мойнуна алып, кайра жарашуу сунушун берди. Ал эми Туту көпкө чейин таарынып жүрдү.