“Бишкек жылуулук энерго” ишканасы газ менен жылытууга өтөт

“Бишкек жылуулук энерго” ишканасы газ менен жылытууга өтөт.

Бул тууралуу ордо калаа мэриясынан билдиришти. От казандарды көмүрдөн

көгүлтүр отко өткөрүү чарасы шаар үстүн каптап жаткан түтүнгө байланыштуу.

Эске салсак, “Бишкек жылуулук энерго” ордо калаанын түштүк-батыш тарабын

жылуулук менен камсыздайт. Калаанын башка райондорунун жашоочулары

жылуулук энергиясын ЖЭБден алат. Аны да газга өткөрүү пландалууда.