Ордо калаада мыйзамсыз курулуштарды алуу уланууда.
Мэриядан билдиришкендей, иштерди “Тазалык” муниципалдык ишканасынын
кызматкерлери жүргүзүп жатат. Учурда ордо калаада курулуп жаткан шакекче
түрүндөгү вело жолчого тилке бошотулуп жатат. Тагыраагы,
Байтик Баатыр – Ахунбаев – Манас жана Чүй проспектиси төрт чарчы тилкесинен
жалпысынан 90 мыйзамсыз курулуштар алынды. Иштер уланууда.